Бүгүн, 30-июнга карата Казакстанда коронавирустан улам каза болгон адамдардын саны 188ге жетти. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабы маалымдады.
Маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде коронавирстан 5 адам көз жумду. Алар - Чымкенттин 1969-жылы туулган (эркек киши) тургуну, Караганда облусунун 1949-жылы туулган тургуну (аял киши), Батыш Казакстан облусунун 1938-жылы туулган тургуну (аял киши), 1981-жылы туулган эркек киши, 1963-жылы туулган эркек киши. Учурда Казакстанда жалпы 21,8 миң адамдан коронавирус аныкталып, алардын ичинен 13 миң адам айыкты.
Ал эми Кыргызстанда 30-июнга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 279 учуру катталды. Муну менен республика боюна жалпы 5296 учур болду. Ал ми каза болгондордун жалпы саны - 57.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн