Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккан дагы 5 адам катталды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-мартка карата Казакстандын аймагында 49 адам дартка чалдыккан. Алматы шаарында 22, Нур-Султанда 25 адам жана Караганда шаарында 2 киши. Стационардык карантинде 860, үй карантининде 2611 адам жатат.
Ошондой эле, дагы 2 казакстандык чет өлкөдө коронавирустан дарыланууда, 1 адам Германияда, дагы бирөө Венгрияда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн