Казакстанда мас айдоочу блокпостту сүзүп, натыйжада эки полиция кызматкери набыт болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Алматы облусунун Карасай районун Көксай айылында саат 05:30да мас айдоочу алгач бетондон болгон блокпостту сүзүп, андан соң кайгуул унаасын сүзгөн. Жыйынтыгында унаанын ичинде отурган 42 жаштагы полициянын ага лейтенантты Жалгас Жангазиев окуя болгон жерде жан берген. Ал эми полицянын сержантты Дастан Абдыканов оор жаракат алып бейтапканада көз жумган.
Учурда 28 жаштагы BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн