Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстанда өзгөчө абалдын тартибин бузгандарды 15 күнгө камап жатат

24.03.2020 11:03
789
Казакстанда өзгөчө абалдын тартибин бузгандарды 15 күнгө камап жатат


Казакстандын өзгөчө абал киргизген аймактарындагы блокпосттордон мыйзамсыз өтүүгө умтулган жарандарды административдик жаза катары 15 суткага камап жатат. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазды.


Маалыматка ылайык, Караганды шаарында Renault Logan унаасы менен адамдарды 50 миң теңгеге алып чыгып жаткан айдоочу кармалган. Мындан сырткары Нур-Султан шаарында экиден адам кармалган.


Ошондой эле, өзгөчө абал жарыяланган Алмата шаарына суу аркылуу өтөм деген 4 киши кармалып милицияга өткөрүлүп берилген.


Эске салсак, Кыргызстанда да 25-марттан тарта өзгөчө абал жарыяланды. Өзгөчө абалдын эрежелерин бузгандарды катуу чаралар күтүп турарын эскертишет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн