Бугу 13, 2024
Убакыт: 03:57
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстанда парламенттик шайлоолор дайындалды

12.06.2020 15:02
1048
Казакстанда парламенттик шайлоолор дайындалды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө Парламентинин Сенатына шайлоолорду 12-августка дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Эске салсак, сенат депутаттарынын конституциялык иштөө мөөнөтү 2020-жылдын октябрь айында аяктайт.


Казакстанда сенаторлорду шайлоо тартиби “Казакстан Республикасындагы шайлоолор жөнүндө” Конституциялык мыйзам тарабынан аныкталат. Сенатка өлкөнүн ар бир облусунан, республикалык маанидеги шаарларынан жана борбор калаадан экиден – баардыгы 34 сенатор шайланат. Дагы 15 сенаторду улуттук өкүлчүлүктөрдү жана коомчулуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен өлкөнүн президенти дайындайт. Сенат мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтү – 6 жыл. Алардын жарымы ар 3 жылда кайра шайланат. Сенатка шайлоолор сенаторлордун иштөө мөөнөтү аяктаарына эки айдан кем эмес убакыт калганда өткөрүлөт. Сенатка жаш курагы 30дан кем болбогон, жогорку билимдүү, беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар жарандар шайлана алышат. Сенаттын мүчөсү бир эле мезгилде парламенттин төмөнкү палатасы – мажилиске да депутат боло албайт. Сенаттын мүчөлүгүнө талапкерлер облусттук, шаардык жана райондук маслихаттардын сессияларында көрсөтүлөт, өзүн-өзү сунуштоого да болот. Бир нече маслихат биригип бир талапкерди көрсөтө алышат. Талапкерди колдоо үчүн кол топтолот. Жашыруун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 50%да ашык колдоосуна ээ болгон талапкерлер гана сенатка шайланды деп эсептелет.


Сенатка мурдагы акыркы шайлоолор 2017-жылдын 28-июнунда өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн