Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:46
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Казакстанда жарадар карыяга жардам берип жаткан кыргыз жараны октон каза болгон

10.01.2022 15:24
1944
Казакстанда жарадар карыяга жардам берип жаткан кыргыз жараны октон каза болгон

Алматыда орун алган башаламандыкта Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тастыктады.


Элчинин айтымында, ал адам фитнес боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген.


“Анын өздүгүн кесиптештери жана достору тастыктады. Учурда Алматыдагы Башкы консулдук кырсыктын чоо-жайын тактоодо жана маркумдун жакындары менен байланышта болууда”, - деди Дюшекеев.


Социалдык тармактарда каза болгон адам Азиз Мусаев болгон деген маалыматтар жарыяланууда.


“Ал 6-январда Республика аянтынын жанында жашаган эжесинин үйүнө келе жатканда каза болгон. Анын жубайынын айтымында, Азиз саат 22.30да Cofferoom`дун жанында жарадар болгон чалга жардам берип жаткан убакта аны атып кетишкен. Ошондой эле өтүп бара жаткан дагы бир адам жаракат алган”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн