Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 04:44
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташыган поезддер токтотулду

03.04.2020 09:16
1091
Казакстанда жүргүнчүлөрдү ташыган поезддер токтотулду


Казакстан жүргүнчүлөрдү ташыган поезддердин каттамын толук токтотту. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазып чыкты. 


Маалыматка ылайык, алдын ала билет сатып алган адамдар 6 ай ичинде акчаларын айып пул төлөбөстөн кайтарып алса болот. 12-марттан бери 590 миң билет кайтарылган.


Казакстанда коронавируска байланыштуу 16-марттан тартып өзгөчө абал киргизилген.


22-мартта Нур-Султан менен Алматы шаарлары темир жол жана автобус каттамдарын кабыл алууну токтоткон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн