Кыргыз-казак чек арасында азыркы учурда абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чек ара кызматы 30-декабрдан бери күчөтүлгөн режимде иштеп келет.
"Акыркы окуяларга байланыштуу кыргыз-казак чек арасында эч кандай чыңалуу байкалган жок. Эгерде чек арада абал курчуса ИИМ жана ӨКМ менен биргеликте чара көрүлөт",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн