Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан саат 23:00гө карата алынган маалыматына ылайык, учак кырсыгынан борттогу 67 адамдын 38и каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, калган 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жаткырылган.
Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.
Маалым болгондой, учакта 5 экипаж, Казакстандын – 6, Азербайжандын – 37, Россиянын – 16, Кыргызстандын – 3 жараны болгон. Белгилей кетсек Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Алар 2004-жылы туулган А.Р.Т, 1998-жылы туулган О.Т.М., 1988-жылы туулган Д.Э.Д аттуу жарандар (эркек кишилер).
Кырсыктан кийинки авариялык-куткаруу ишине 97 техника, куткаруучу, дарыгер, психолог, полиция кызматкерлеринен турган жалпы 490 адам жана 10 кинолог тартылган.
Учурда ыкчам маалымат үчүн төмөнкү номерлер 8-7172-55-96-21 жана 8- 7292-31-90-91 иштеп жатат.
Белгилей кетсек, күн мурун Казакстандын Актау шаарында Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан "Эмбреар - 190" учагы кырсыкка кабылган. Бортто жалпы 67 жаран болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн