Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды

11.07.2023 15:27
257
Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды


Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн мүчөсү Бишкектин аймагынан кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Казакстан Республикасынын Мангыстау облусунун Актау шаарында 1988-жылы туулган О.И.О. кармалды, ал рейдердик жол менен басып алуу жана ишкерлерден айрыкча ири өлчөмдө акча талап кылуу менен алектенген.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, 2019-жылы Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү мунай скважинасынан мунай уурдоону уюштурганы аныкталган. Жыйынтыгында Казакстан Республикасынын Мангистау облусу боюнча Экономикалык иликтөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, андан кийин Казакстандын уюшкан кылмыштуу тобунун О.И.О. аттуу мүчөсүнө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Ошондой эле, О.И.О. опузалоо жолу менен У.С.М. аттуу жарандын 760 миң АКШ долларын ээлеп алган. Буга байланыштуу О.И.О. уюшкан топтун курамында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Казакстан Республикасынын тергөө органдарынан жашынып, андан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.И.О.га Кыргыз Республикасынын жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу жана ошондой эле аны коргоп жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери аныкталууда.

Учурда О.И.О.нын башка Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн