2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстан Казакстандан бодо малдын импортун беш эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Ведомствонун маалыматы боюнча, январь-июнь айларында Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынан 710 миң долларга 3,5 миңден ашык бодо мал алынып келинген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу беш эсе көп – 2023-жылы 321 миң долларга 711 баш бодо мал алынып келинген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн