Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Казакстандан Кыргызстанга жүктүн арасына унаа салып бараткан фура кармалды (фото)

06.06.2020 13:36
925
Казакстандан Кыргызстанга жүктүн арасына унаа салып бараткан фура кармалды (фото)


Казакстандын бажы кызматы жүктүн арасына эки унааны салып Кыргызстанга өтүп бараткандарды кармады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү “Айша биби” көзөмөл өткөрүү жайында такта алып өтүп бара жаткан жүк ташуучу транспорт текшерилип, анын ичинде тийиштүү документтери жок "Дэу" жана "Хюндай" үлгүсүндөгү жеңил унаалар бар экени аныкталган.


Кармалган унаалар Жамбыл облусунун Экономикалык изилдөө департаментине өткөрүлүп берилген. Буга чейин 1-июнда аталган көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстанга Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны алып өтүп бара жаткандар кармалганы айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн