Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:44
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Казакстандан Кыргызстанга унааны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

26.04.2024 16:06
140
Казакстандан Кыргызстанга унааны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн


Казакстандан Кыргызстанга унааны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, «Манас» бажысынын кызматкерлери текшерүү иш-чараларынын алкагында «Ак-Тилек» товарларды каттоо пунктунун аймагында К.С.Б. аттуу жарандын башкаруусунда Казакстандан Кыргызстандын аймагына келе жаткан, Литванын мамлекеттик каттоо номери менен 2012-жылы чыгарылган Volvo FН 4ХТ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүүгө алышкан.

Берилген документтерди текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаа Казакстандын аймагында Бурабай протоколунун ченемдерин жана ЕЭКтин 2015-жылдын 14-октябрындагы №59 Чечимин колдонуу менен таризделгени аныкталган.

Бурабай протоколунун 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Казакстан жеңилдетилген чен боюнча ташып кирүү бажы алымдарын төлөө менен Казакстандын аймагына киргизилген товарларды ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекеттеринин аймагына ташып чыгууга жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылат.

Казакстандын аймагында мурда төлөнгөн бажы алымдарын эске алуу менен товарларды «ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосуна жайгаштырууда төлөөгө тийиш болгон бажы алымдарынын суммасы 1 323 624 сомду түздү.

Факты КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар юридикалык баа берүү жана караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн