Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 00:26
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Казакстандан келген 270 тонна буудайдан карантиндик зыяндуу организм аныкталды

31.12.2024 14:27
544
Казакстандан келген 270 тонна буудайдан карантиндик зыяндуу организм аныкталды


Казакстандан келген буудай продукцияларында карантиндик зыяндуу организм аныкталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-декабрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги "Чалдовар" өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан "Жыйынды постунда" фитосанитардык текшерүү иш-чаралар мезгилинде Казакстандан импорттолуп келген 270 тонна буудайдын партиясынан үлгү алынып, Бишкек шаарындагы карантиндик лабораторияга жиберилген. Натыйжада карантиндик зыяндуу организм – сойломо кекире (Acroptilon repens (L.) DC.) табылган.

Учурда расмий түрдө Казакстандын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы ыйгарым укуктуу органына Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарынын бузулушу боюнча билдирүү (нотификация) даярдалууда. Кийин ал расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн