Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Казакстандан лицензиясыз спирттик ичимдиктерди ташып келүүгө бөгөт коюлду

31.03.2023 17:29
334
Казакстандан лицензиясыз спирттик ичимдиктерди ташып келүүгө бөгөт коюлду

 “Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан алкоголдук ичимдиктерди алып кирүүгө бөгөт коюлду. 


   Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан “Актилек-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Кыргыз Республикасынын аймагына тиешелүү лицензиялары жок спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. 

 

   Текшерүүнүн жүрүшүндө спиртти Кыргыз Республикасынын аймагына этил спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы жок ишкерлик менен алектенген субъекттердин бири тарабынан ташып келингени аныкталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, импорттолгон алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын.

 

   Учурда Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн