Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Казакстандан мыйзамсыз ташылган коон аныкталды

10.08.2021 12:18
854
Казакстандан мыйзамсыз ташылган коон аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан контролдук-өткөрүү пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок ири мүйүздүү малды, авто дөңгөлөктөрдү жана коонду ташып кирүү фактыларын аныктаган.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, “Ак-Тилек” товарларды эсепке алуу пунктунда 3 жүк ташуучу унаа кармалган, анда суммасы 150 миң рубль турган 20 даана авто дөңгөлөк жана суммасы 1,5 миллион рубль турган 60 баш ири мүйүздүү мал жүктөлгөн. Ошондой эле "Ак-Жол" эсепке алуу пунктунда суммасы 120 миң теңге турган 6 тонна коон жүктөлгөн 2 жүк ташуучу автомашинасы кармалган.


Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынан маалымкаты жок болуп чыкты.


Бузуулар боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.


2021-жылдын 7 айынын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүдө бузуу фактылары аныкталган 1 миң 83 материал мобилдик топко өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн