Казакстандан ун ташып келүүгө эч кандай чектөө жок. Мындай пикирин бүгүн, 17-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөттө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, коронавирус дартынан жайылып жатышына байланыштуу жүктөрдү чектөө боюнча Казакстандын бийлигинин расмий буйругу чыккан эмес.
“Казакстандан ун ташып келүүгө эч кандай чектөө коюлган жок. Жарандарыбыз буга тынчсызданбай эле койсо болот. Өкмөт кыргызстандыктарды азык-түлүк менен жеткиликтүү камсыз кылат”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн