Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:57
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Казакстандык компаниялар тобу КР УКМКга жооп кайтарды

06.06.2024 15:29
241
Казакстандык компаниялар тобу КР УКМКга жооп кайтарды


"Казахмыс" компаниясы УКМКга анын топ-менеджери жана "Алтын Алмас", "Каражыра" компанияларынын акционери Владимир Жуманбаевге издөө салганына байланыштуу билдирүү таратты.


"Учурда Жуманбаев эмгек өргүүдө. Ал укук коргоо органдарынан качкан жок жана тергөөгө колдон келген жардамын берүүгө даяр", — деп билдиришкен компаниядан.


Аны менен катар эле Кыргызстандын сотко чейинки органдарынан "Казахмыс", "Алтын Алмас", "Каражыра" компанияларына расмий сурамдардын түшпөгөндүгүн айтышты.


"Компаниялар тобу ишин Казакстандын мыйзамдары менен алып барат жана өзүнүн кызматкерлерин укуктук жактан коргоо үчүн чараларды көрүүгө даяр", — деп кошумчалаган маалымат кызматынан.


Forbes-Казакстандын маалыматына таянсак, Жуманбаевдин мүлкү 365 миллион долларга бааланган.


УКМК кечээ "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн Казакстандын ири ишкерлеринин бири Жуманбаев каржылап келгени тууралуу фактылар аныкталды деп билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн