Ачык сууда сүзүү боюнча Азиянын чемпиону, казакстандык Виталий Худяков Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалым болгондой, Виталий Худяков сууда сүзүүнү Чолпон-Ата шаарынын жээгинен баштап, Кажы-Сай айылынан аяктаган.
Сууда сүзүүнүн жалпы аралыгы 53 километрди түзүп, аны суучул 13 саат 18 мүнөттө сүзүп өткөн.
Виталий Худяков сууда сүзүү боюнча Олимпиадалык оюндардын катышуучусу, Азиянын чемпиону болуп эсептелинет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн