Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Казакстандын Beeline компаниясына ит бекер сатылып кеткен телеканалга Абылгазиевдин катыштыгы барбы?

20.05.2020 12:44
1093
Казакстандын Beeline компаниясына ит бекер сатылып кеткен телеканалга Абылгазиевдин катыштыгы барбы?


Өкмөт баш болуп барыбыз карайлап, бюджеттин тартыштыгын толтурууга аракет кылып жатабыз. Азыр Кыргызстанда эки үй-бүлө бир нанды бөлүшүп жеп отурган учур, деп билдирди депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште бүгүн, 20-майда укук коргоо органдарына кайрылып жатып.


Анын айтымында, коррупция менен каршы күрөштү башкы ураан катары көтөрүп аткан өкмөт, президент, күч түзүмү жана ар бир фракция көңүл бурууга тийиш болгон маселе бар.


“Бизге жеткен маалыматтар боюнча, жакынкы аралыкта коррупция боюнча УКМК башкармалыгынын жетекчиси, аны менен кошо дагы кызматкерлер камалган, өкмөттүн аппаратынан дагы бир катар кызматкерлер сурак берип жатыптыр. Бул жерде ири суммадагы акча каражаты тууралуу сөз болуп жатат. Ошондуктан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул иштерге катыштыгы жок экенин далилдеш керек. Эгерде катыштыгы болсо тез арада жооп бериши керек”, - деди Жанар Акаев.


Анын маалыматы боюнча, “Ала ТВ” каналы өзүнүн 200 мегагерц жыштыгы менен чогуу Beeline компаниясына 1 млн 800 миң долларга сатылып кеткен.


Бул компания биздин Мамлекеттик байланыш комитети аркылуу 200 мегагерц телекөрсөтүүгө арналган жыштыгын 4 G форматына тууралап, интернетке ыңгайлаштырып кайра түзөтүп алды. Эми ушул жерде чоң маселе жаралып жатат. Буга чейин Темира Сариев премьер-министр болуп турган кезде 15 мегагерц 1 млрд 500 миң сомго сатылган, доллар менен алганда 25 млн доллар. Азыркы премьер кезинде болсо 200 мегагерц одоно айтканда бекер кетип жатат. Менде Мамлекеттик байланыш комитеттин жашыруун каты турат. Анда өкмөткө жазып жатат, "бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет, бюджетке миллиардаган сом зыян келип жатат. 200 мегагерц аркылуу бюджеттин чоң кемчилигин толтурсак болот, ошондуктан мындай кадамга барбашыбыз керек" деп. Ошого карабастан мыйзамды бузуп, аукцион кылбай туруп булар Казакстандын компаниясына өткөрүп жатышат. 900 млн АКШ долларына сатыла турган компания 1000 сомго сатылып кеткен дагы компания тууралуу УКМК айтып жатат. Жалпысынан бюджетке 5 млрд сом зыян келүүдө. Аны карабай өкмөт Эл аралык финансылык институттарга жардам сурап кайрылып жатат. Күч түзүмдөрү бул маселеде премьер-министрдин катыштыгы бар, жок экенин тешерип чыгышы шарт. Азыр ушул маселе боюнча 4 адам абакта жатат. Өкмөттүн кадамына жоопкерчиликти берүү боюнча чоң маселе турат”, - деп билдирди Жанар Акаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн