Делиден кайтып келе жаткан 19 кыргыз жараны Казакстандын аэропортунан чыга албай турат. Бул тууралу Коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жаап салганына байланыштуу 19 адам коңшу өлкөдөн чыга албай жатат. Ушундай эле абал Казакстан аркылуу кайтууну пландаган башка адамдарды да күтүп турат.
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн Казакстан менен макулдашкан. Учурда аларды алып келүү аракеттери көрүлүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн