Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 14:41
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Казакстандын гумжардамы Бишкекке келди

18.05.2021 21:29
1326
Казакстандын гумжардамы Бишкекке келди

Бишкекке Казакстан гумжардам катары жөнөткөн 4500 тонна ун жеткирилди. Бул тууралуу Казакстандын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.


Бул гумжардамдын темир жол аркылуу жеткирилген биринчи партиясы. Жалпы көлөмү 10 миң тоннаны түзөт. Колдоо көрсөтүү чечимин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.


Кыргызстандын айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Азамат Мукашев кыргыз тарап Казакстандын өкмөтү көрсөткөн жардамын баалай турганын жана бир тууган казак элине терең ыраазычылык билдирерин айтты.

Элчиликтен белгилешкендей, 2020-жылдын май айында Казакстан Кыргызстанга беш миң тонна ун, ноябрда 400 даана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жана эки миллион медициналык бет кап жиберген.


Жардам эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында көрсөтүлүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн