Казакстандын мектептеринде бүтүрүүчүлөр үчүн акыркы коңгуроо иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн премьер-министринин орун басары Ералы Тугжанов брифингде айткан.
Маалыматка ылайык, аттестаттарды тапшыруу жана акыркы коңгуроо салтанаты ачык асман алдында, саналуу адамдардын катышуусунда 3-4-июлда өтөт.
Ошондой эле маалыматта учурда Казакстанда 3,3 миллион окуучу аралыктан окуп жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн