Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казакстандын президенти өткөрмө пункттардагы абалды жөнгө салууну тапшырды

26.08.2023 11:08
393
Казакстандын президенти өткөрмө пункттардагы абалды жөнгө салууну тапшырды


Касым-Жомарт Токаев Казакстан өкмөтүнө казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстанмаалымат агенттиги жазды. 


Токаев маселени эки өлкө ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин духунда жөнгө салуу керектигин айткан.


Өлкө башчы кыргыз тарап менен чек арадан товардын мыйзамсыз өткөрүлүшүн алдын алуу үчүн санариптештирүү жана автоматизациялоону киргизүү тууралуу сүйлөшүүнү улантуу керектигин да белгилеген.


Буга чейин бир нече күн казак-кыргыз чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралган. Казак тарап муну маңзатка каршы текшерүүлөр жүрүп жатканы менен түшүндүргөн. Абалды жеринен көрүү үчүн Экономика министрлиги менен ЕЭКтин өкүлдөрү барган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн