Баш оона 25, 2025
Убакыт: 18:42
USD
87.10
87.60
EUR
101.70
102.70
RUB
1.070
1.100

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри вирус жуктуруп алды

15.06.2020 13:13
1260
Казакстандын саламаттыкты сактоо министри вирус жуктуруп алды


Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус жуктуруп алгандыгын Facebook аркылуу өзү маалымдады.


“Достор, тилекке каршы жагымсыз кабарды айтууга мажбурмун – коронавируска тапшырган акыркы тест менде бул оору бар экендигин көрсөттү”, - деп жазган Биртанов учурда инфекциялык госпиталда дарыланууда.


Эске салсак, буга чейин Казакстан президентинин басма сөз катчысы Берик Уали да коронавирус жуктуруп алгандыгын 6-июлда өзү кабарлаган.


Ал эми 15-июнга карата Казакстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 14 496га жетти, алардын 73ү каза тапты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн