Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:00
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Казань шаарында 19 жаштагы кыргыз кыз каза болду

08.12.2021 09:50
980
Казань шаарында 19 жаштагы кыргыз кыз каза болду

Казань шаарында көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон 19 жаштагы кыргыз кызынын сөөгү мекенине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Россиядагы элчилигинен кабарлашты.


"Окуяны Казань шаарынын Москва районунун тергөө органдары иликтеп жатат. Учурда өлүмдүн жагдайы иликтенүүдө. Элчилик Татарстандын укук коргоо органдары менен байланышта.

Элчилик маркумдун апасы менен байланышта, ал кызынын өлүмү тууралуу массалык маалымат каражаттарына таратпоону суранган. Апасына маркумдун сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүүнүн тартиби боюнча кеңештер өз убагында берилген. Сөөк 2021-жылдын 5-декабрында Москва аркылуу Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн", - деп билдиришти элчиликтен.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн