Социалдык тармактарда оорукчан кызды улгайган аял сабап, чачын жулуп жолун тороп жаткан тасма тарады. Бул окуя Тогуз-Торо районунун Казарман шаарында болгонун Алтынбек аттуу сабалган кыздын бир тууганынын адвокаты Шердор Абдыкапаров билдирген. Анын айтымында, буту баспаган кызды тайэнеси менен тайатасы багып жүрөт жана кордук көрсөтөт. Ал эми алып кетүү үчүн барган туугандарына бербей жатыптыр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн