Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казино: "Бүтүн Кыргызстан" добуш берүүдөн баш тартып, танапис жарыяланды

22.06.2022 19:03
397
Казино: "Бүтүн Кыргызстан" добуш берүүдөн баш тартып, танапис жарыяланды


Жогорку Кеңеште казиного уруксат берүү мыйзам долбоору ара жолдо калды.


Эки ирет добушка коюлганда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөлөрүнүн баары жана "Ыйман Нурунун" лидери Нуржигит Кадырбеков добуш бербей койду.


Андан соң Мадумаров чыгып фракция ушундай жол менен позициясын билдирип жатканын айтты.


"Мындан башка айлабыз калган жок. Каршы добуш берсек баары бир өтүп кетет. Башка арганы калтырган жоксуңар, талкууга, башка пикирлерди угууга тыюу салдыңар. Бул мыйзамга биз караманча каршыбыз, ошондуктан добуш бербей блоктогонго укугубуз бар. Мыйзамдын өтүшүнө каршы экенибизди ачыктан ачык жарыялайбыз", — деди Мадумаров.


Андан соң төрага Талант Мамытов регламент боюнча ар бир депутат "макул" же "каршы" деп өзүнүн позициясын билдириши керектигин айтып, кайра добушка койду. Бирок анда да добуш бербей коюшту.


Мындан улам спикер фракция лидерлерин кеңешип алалы деп чакырып кетти.

Белгилей кетсек, парламенттин регламенти боюнча жыйынга катышып жаткан депутат добуш бербей койсо мыйзам өтпөйт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн