Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Казинолордун ачылышы боюнча натыйжалуу сунуш

27.04.2021 15:56
806
Казинолордун ачылышы боюнча натыйжалуу сунуш


Эгерде казинолор Ысык-Кѳл облусунда эле ачылса, кеп башка эле. Бирок президент ѳлкѳнүн ар бир облусуна ачыла турганын айтты. Түз эле айталы, мындай чечим ѳзүн актабайт, максатка ылайыксыз деп эсептейм. Ѳлкѳнүн ар бир аймагына казино ачуу аша чапкандык болот. Ар бир облустагы казинолордо чет ѳлкѳнүн жарандары болоруна ишенүү кыйын. Сырттан келгендер негизинен кѳлдүн жээгинде жайгашкан казиного барышы мүмкүн. Себеби, эс алуучу аймак, Ысык-Кѳл бар дегендей… Анда кандай болот? Башка облустардагы казинолорду ѳзүбүздүн жарандар толтуруп калабы? Ойлондурчу маселе…

Учурдан пайдаланып президентке казиного байланыштуу сунушумду айтып кетким келет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сиз атайын мыйзам долбоору аркылуу казинолордун иштѳѳсүнүн эреже, тартиптери аныкталып, казино иштетүүчүлѳргѳ талаптар катуу болорун айттыңыз. Мыйзам долбооруна «кыргыз жарандарынан ал жакка кирип калып, акчасын уттуруп жиберсе, ал сумманы казинолордун ээлери милдеттүү түрдө кайтарып берет» деген норманы киргиздириңиз. Бул норма казино ээлерин ал жакка Кыргызстандын жарандарын киргизбөөсүнө кызыкдар кылат. Казино ээлеринин эреже, тартиптерди бекем сактоолорун шарттайт.

Сунушум эске алынат деп ишенем.

Мирлан Дүйшенбаев, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн