Бүгүн таңга маал Кара-Балта дарыясынан изделип жактан кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 5-июнь күнү, саат 18:38 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек - Ош унаа жолунун болжол менен 97-чакырымында агып өткөн Кара-Балта дарыясына 2008-ж.т. А.Э. аттуу жаш кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
5-июнь күнү жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, бирок издөө иштеринен жыйынтык болгон эмес. Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 6 суучул тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн