Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кечээ айланма жолдо жол кырсыгы катталып, 7 киши көз жумду

Кечээ айланма жолдо жол кырсыгы катталып, 7 киши көз жумду


Кечээ, 1-сентябрда болжол менен саат 15:20 чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсыкка катуу бара жаткан “Субару Аутбэк” үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгү жарылып кеткендиги себеп болгон.

Аталган унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, алдыңкы сол дөңгөлөгү жарылып, каршы тилкеге чыгып, “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Ошондой эле “Мерседес-Бенц спринтер” “Тойота-Камри” жана “Тойота-Вокси” үлгүсүңдөгү унаалар жол кырсыгына учураган.

Кырсыктан 7 адам көз жумуп, 6 жаран ар кандай жаракаттарды алган.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн