Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кечээ эмдөөдөн өткөн министрдин абалы кандай?

30.03.2021 11:35
547
Кечээ эмдөөдөн өткөн министрдин абалы кандай?

Кыргызстанда коронавируска каршы алгачкылардан болуп эмделген саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы айтылды.


Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 29-мартта SinoPharm вакцинасын алганын айтты.


“Анын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле вакцина алган жарандардын абалы да канааттандырарлык”, - дейт Акматова.


Эскерте кетсек, Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алган.


Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөө кандай тартипти жүрөрүн айтып берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн