Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кечээ түнү коменданттык саат учурунда 165 адам кармалды, - Орозалиев

28.03.2020 09:21
932
Кечээ түнү коменданттык саат учурунда 165 адам кармалды, - Орозалиев


Бишкек шаары боюнча бүгүн, 28-мартка карата өзгөчө абал туруктуу. Бул тууралуу шаардык комендант, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, өзгөчө абалды камсыздоо иштери, коомдук тартипти сактоо жана дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.


Бишкек шаары боюнча учурда өзгөчө кырдаал абалын камсыздоого байланыштуу 120 пост коюлду. Алардын 41и чоң блокпост, кичине блокпост 79.


"Коомдук тартипти сактоо жана өзгөчө абалды көзөмөлдөө максатындагы рейдде кечээ түнү 134 эркек адам, 23 аял киши, 3 жаш өспүрүм ,5 чет өлкөлүк жаран кармалды. Алардын бары коменданттык саат бүткөндөн кийин коё берилди",- деди комендант.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн