Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 01:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кечээги катуу шамалдын кесепетинен жалпы 154 объект жабыркаган

29.03.2024 10:00
176
Кечээги катуу шамалдын кесепетинен жалпы 154 объект жабыркаган


Күн мурун, 28-мартта өлкө аймагында катуу шамал болуп, материалык чыгымдар жана жабыркагандар болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 

Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынан 29-март саат 8:30га карата алынган алдын ала маалымат боюнча, 10 адам жабыркап, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыянын тийгизген.

Тактап айтканда, жалпы Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.

Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.

Табигый кубулуштун кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда. 

Эске салсак, ӨКМге караштуу Гидромет кызматынын маалыматы ылайык, Бишкек жана Чуй облусунун аймагында 28-мартта саат 16:15тен16:45ке чейин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн