Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:52
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кечээки шайлоо эски ыкма менен өттү, - Бакыт Бакетаев

12.04.2021 11:35
1032
Кечээки шайлоо эски ыкма менен өттү, - Бакыт Бакетаев


Кечээ, 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерди шайлоо эски ыкма менен өттү. Бул тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, партиялардын көбү эски ыкмага салышты. “Чай берип, акча таратып, пакет берип, добуш алуунун аракетин жасашты. Шарты жок кээ бир партиялар гана паралай алышкан жок”, - деди Бакетаев.


Анын ою боюнча, талапкерлердин добуш сатып алуусуна убакыттын аздыгы себеп болууда. “Себеби, бир ай ичинде партиялар жана талапкерлер бүткүл аймактарды кыдырып, эл менен жолугушуп, өзүнүн программасы менен толук тааныштырууга мүмкүнчүлүгү жетпейт. Эл 1 миң сом, 2 миң сом алып, добуш берүүгө барышты. Анткени, кайсы партия же талапкер чындап татыктуу экенине тандоо жасай алышпай калышат. Мисалы, азыр эл жаңы Конституцияны окуган да жок”, - дейт ал.


Эксперт кошумчалагандай, эски адаттардан кутулуп, эл чыныгы тандоо менен добуш берүүсү үчүн үтүт насаат иштерине 5-6 ай мөөнөт берилиши керек.


“Шайлоодо акчалуулар гана өтүп кетип жатканына Жогорку Кеңештин да күнөөсү бар. Себеби, бай депутаттар атайын өздөрүнө ылайыктап мыйзам кабыл алган - акчанын күчү менен өтүп кетет. Ал эми акчасы жоктор убакыттан уттуруп калып жатышат. Жок дегенде алар 6 айдын ичинде эл кыдырып, программасын тааныштырып жетишмек. Ошондо теңчилик болмок. Андыктан Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү керек”, - деп белгиледи Бакыт Бакетаев.

 

 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Ел дайым даяр сатылганга.