Кегети капчыгайында адашып кеткен 10 Индия жараны куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Чүй районунун Кегети айылынын Кегети капчыгайынын Көлтөр эс алуучу жайына Индия өлкөсүнүн 10 жараны эс алууга чыгып, жолдон адашып кетишкендигине байланыштуу, Чүй райондук №24 ӨККБнүн башчысы жана Жарандык коргонуу бөлүмүнүн офицери менен биргеликте Токмок шаардык №21 ӨККБнөн 3 куткаруучу саат 22:30да жерине чыгып кетишип, саат 00:50дө жетишти.
Саат 05:27де Индия өлкөсүнүн 10 жаранын таап, аман эсен түшүрүп тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп беришти. Абалдары жакшы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн