Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:05
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Келе жаткан жыл – Кыргызстан үчүн сыноолордун жылы

31.12.2020 11:50
1450
Келе жаткан жыл – Кыргызстан үчүн сыноолордун жылы

Пандемиясы, жыйынтыгы жараксызга айланып калган шайлоосу, мөөнөтүнөн мурда алмашкан бийлиги, какшып калган мамлекеттин бюджети, олку-солку саясий кырдаал менен чогуу 2020-жылды жыйынтыктап жатабыз. Тилекке каршы, ушул айтылгандардын кесепеттери бизди жаңы 2021-жылга да ээрчип кире турган болуп турат. Көңүлдүн тереңинде катылган бир гана «Баары жакшы болот» деген илгери үмүт турат.


Жакшы тилек – жарым ырыс. Албетте, кирип келе жаткан Жаңы жыл алдында жалпыбыз Жараткандан өлкөбүздүн бүтүндүгүн, тынчтыгын, стабилдүүлүгүн, элибиздин токчулугун, бакубат жашоосун тилейбиз. Бирок, ошол эле убакта «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» деген эзелтен айтылып келген кепти да унутпашыбыз керек.


Биринчиден, дүйнөнүн 188 мамлекетин өз кучагына алган коронавирус пандемиясы али токтой элек. Өлкөбүздө дагы деле бул илдетке чалдыккандардын саны орточо 200 адамдын тегерегинде болууда. Андан каза болгондор да токтогон жок. Болгону акыркы айлардагы курчуп кеткен саясий кырдаал пандемиянын таасирлерин көп сездирбей калгансыды. Демек, калкыбыздын саламаттыгы үчүн күрөш дагы-да күчөтүлгөн темпте улантылышы керек. Ал күрөш үчүн аз эмес акча каражаттары сарпталат.


Жаңы жылдын башында, 10-январда мамлекетибизде президенттик шайлоо өтөт. Ага ат салышкан талапкерлердин саны 17. Алардын ичинен чындап эле президент болот элем деген амбициясы барлары беш-алтоо. Шайлоонун жыйынтыгы кандай чыкса да, ага нааразы болуп, макул эместигин билдирип чыккандар көп болот. Мындай көрүнүш бизде адатка айланган.


Эгерде бүгүнкү күндө президенттик шайлоодо фаворит болуп жаткан талапкер жеңишке жетип, бийликке келсе, анда ал адегенде эле конституциялык реформа жасоого киришээри белгилүү. Парламенттик башкаруу формасынан кайра президенттик башкаруу формасына кайтуу сунушталып жатат. Мындай сунушка жана ал багытта жасалып жаткан аракеттерге караманча каршы турган саясатчылар бар. Бул дагы саясий кырдаалдын курч мүнөздө уланышына себептердин бири.


Андан кийин парламенттик шайлоо өтөт. Мында да саясий тирешүүлөр күч алары белгилүү. Ага кошумча 2020-жылы пандемияга байланыштуу өтпөй калган жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өтүшү керек.


Айтор, 2021-жыл саясий окуяларга бай болот. Мына ушул шайлоолордун баарын өткөрүүгө өлкө казынасынан жүздөгөн миллион каражат сарпталат. Ансыз да пандемиянын кесепеттери алсыратып койгон мамлекеттин бюджети дагы алсырайт.


Эгерде шайлоолордон кийинки саясий кырдаал курч мүнөзгө өтүп кете турган болсо, анда мамлекетибиз биротоло очорулуп калышы мүмкүн. Демек, бийлик башына келгендер да, бийлик башында отурууну каалагандар да Кыргызстан жардын кырында турганын туура түшүнүп, көсөмдүгүн көрсөтүүлөрү кажет. Биз азыр саясий тирешүүлөрдөн баарыбыз утулабыз, мамлекет утулат.


2021-жылы дүйнө жүзүндө азык-түлүк тартыштыгы жаралышы мүмкүндүгүн да божомолдонууда. Ал эми Кыргызстан 60% азык-түлүктү чет мамлекеттерден алып келип колдонот. Эгерде тартыштык жаралса, анда бизге сырттан да азык-түлүк келбей калат. 


Баарыбыздын мекенибиз да, мамлекетибиз жалгыз гана - Кыргызстан. Баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган учур чындап келди. Бул жылдын башынан тарта эле саясий тирешүүлөрдү, интригаларды токтотуп, өлкөбүздүн экономикалык абалын оңдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, калктын саламаттыгына кам көрүү, мамлекеттик бюджетти толтурунуун жолдорун табуу менен алек болуу зарылчылыгы бар. Ошондо биз баарыбыз утабыз.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Кыргызга тантырак саясат,той маанилуу пандемияга караганда.