Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 21:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Келечегибизге кам көрөлү десек, утурумдук менен түбөлүктүүлүктү айырмалай билели

15.09.2021 13:35
1756
Келечегибизге кам көрөлү десек, утурумдук менен түбөлүктүүлүктү айырмалай билели


Түбөлүктүүлүк анан утурумдук деген түшүнүктөр бар. Көсөм кыргыздар “Түбүңдү ойло.Түбөлүгүңдү ойло”- дешкен. Бүгүн түбөлүктүүлүктү ойлогонго дарамет акыл жетпей баратканын байкоодомун. Эки жарым айдан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо деп элдин баары “Баланчаны шайлаш керек”- деп тытышканы жатса, мен “Келечек” - деп мамлекеттин, улуттун келечегине кам көргөн жаңы программаларды сунуштап туурадан чыгуудамын. “Элдин баары шайлоого шаңыраңдап баратса, мунун “Келечек” деп чырылдаганын ким карамак эле”- дешип күлүп жаткандар да болсо керек. Шайлоо да, депутаттарың да утурумдук. Өткөн 30 жылда кимдерди гана депутат кылып шайлабадык. Шайлоо алдында ошол депутаттар эмне деген гана убадаларды беришпеди. Аттиң, баарын кой ошол убадалардын жарымы аткарылса, бүгүн Кыргызстан Сингапурдан ашкан гүлдөгөн мамлекет болуп турбайт беле. Тилекке каршы өткөн 30 жылда улам артка кулабасак, астыга жыла албай очорулуп келебиз. Ошол тээ 90-жылдын башында эле депутат болуп келген айрымдар “Эми акылыма келдим. Ушул жолу шайласаңар кыйратам”- деп кайра шайлоого аттанышууда. “Отузунда орок орбогон, кыркында отун алып кыйратпайт”- дегендей, аларыңды элүү жылдан кийин депутат кылсаңар да мамлекет, улут үчүн эч нерсе жасашпайт. Жасаса ушул кезге чейин жасамак.


Улут катары, мамлекет катары жаңылануунун жолуна түшөлү, келечегибизге кам көрөлү десек, утурумдук менен түбөлүктүүлүктү айрып билели. Түбөлүктүүлүктү көбүрөөк ойлонолу. Кыргызстан эле эмес, дүйнө чайпалып турат. Бир жагынан пандемия оорусу, бир жагынан дүйнөнү каптаган кризис, бир жагынан ири гегемон мамлекеттердин дүйнөнү кайра бөлүштүрсөк деген кызыкчылыктарынын кагылышуусу баары жер шарын вирустай каптоодо. Муну жакшы түшүнгөн ички жана тышкы душмандарыбыз алакандай мамлекетибизди, улутубузду жүндөй тытып, теридей ийлеп жок кылсак деп жутунушууда. Мындай оор кырдаалдан улуттук биримдик, ынтымак менен гана каршы туруп жеңип кете алабыз. Башка жол жок. “Боз үй философиясындагы улуттук идеологиянын биримдик формуласы” дегенди сунуш кылдык. Айрым ичи кайнагандар “Жомок экен”- дешүүдө. Ага деле капачылык жок. "Формула" деген сөздүн маанисине түшүнбөсө мен күнөөлү эмесмин да. Манасыбызды деле жомок дегендер чыгып жатпайбы.


Биригели, түбөлүктүүлүктү ойлойлу. Келечегибизге кам көрөлү. Улуттук улуу наркыбызды, салтыбызды калыбына келтирели. Башка жол жок.


Чолпонбек Абыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн