Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 00:02
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Келечек үчүн билим берүү” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

07.07.2020 09:17
1527
“Келечек үчүн билим берүү” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды


Президент Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 7-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Келечек үчүн билим берүү долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык ѳнүктүрүү ассоциациясына (ЭѲА) жогоруда жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн