Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Келечектеги парламент кандай болот?

03.06.2020 09:58
1103
Келечектеги парламент кандай болот?

Адамдын тагдырынын кандай нукта өзгөрүшүнө ошол адамдын өзүнүн көбүрөөк таасири болот. Татыктуу тарбия алуу ата-энеден, татыктуу билим алуу жана келечек жолун туура тандоо адамдын өзүнөн. Ошол сыяктуу эле мамлекеттин тагдыры да улуттун уңгусунан жана жарандардын тандоосунан көз каранды. 


Биз азыр Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын деңгээлине нааразы болуп, алардын сүйлөгөн сөздөрүн, жүрүм-турумдарын сынга алып келебиз. Ошол эле убакта алардын кылык-жоруктарын, кеп-сөздөрүн тамашага айлантып, шылдың кылчу да болдук. Бирок, биз өзүбүзгө өзүбүз нааразы болуп, өзүбүздү өзүбүз сындап, өзүбүздү өзүбүз шакабалап жатканыбызды байкабай жатканыбыз өкүнүчтүү. 


Эмнеге дейсизби? Себеби, бул парламентти биз өзүбүз шайлаганбыз, өзүбүз тандаганбыз. Анан минтип өз тандообузга нааразы болуп отурабыз. 


Эми дагы беш жыл бою өз тандообузду жек көрүп, же тамашага айлантып отургубуз келбесе, анда күзүндө өтүүсү күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодо адашпашыбыз зарыл. Себеби, ошол парламент биздин өлкөнүн кандай нукта өнүгө турганын камсыздайт. 


Демек, бизди болочоктогу парламент кандай болот деген суроо түйшөлдүрүшү керек. Тар чөйрөдө айтылып жаткан маалыматтарга караганда, артынан жоон топ жаштарды ээрчите ала тургандай түрү бар жаш депутат Жанар Акаев карт саясатчылар Темир Сариевдин «Ак Шумкары» жана Өмүрбек Текебаевдин «Ата-Мекени» менен биригүүгө барат. Саясатта жүргөнүнө аз гана жыл болгон Жанар мырза менен берки алчы-таасын жеп калган эки саясатчынын биригүүлөрү албетте салмактуу күч болуп бере алат. Эгерде алардын тандемдешүү аракети шайлоого чейин эле огунан чыгып кетпесе, анда күзүндө парламентте бул саясатчылардын күчүн көрүүгө болот. 


Өзгөчө Россияда жүргөн мигранттардын зор колдоосуна ээ болуп келаткан «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да учурда шайлоого чогуу бара турган жандооч караштырып турат. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Мадумаров Салымбековдун «Эмгек» партиясы менен чогуу болгону эсибизде. Мына ушундай коомчулук такыр күтпөгөн биригүүгө да баралган Адахан мырза бул жолу да күтүлбөгөн «баш кошуу» жасашы мүмкүн. Бул ирет эми ал өнөк тандоодо адашпаса, анда шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар. 


Түзүлгөнүнө беш жыл болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясы жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна катышып, өз күчүн сынап келет. Бишкек шаардык кеңешинде салмактуу орду бар. Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого да катышуу ниети бар экени алардын жасап жаткан аракеттеринен ачык байкалып турат. 


Алтынбек Сулайманов баштаган «Бир Бол» партиясы да шайлоого активдүү даярдык көрүп турат. Алтургай башка эле партияга тиешелүү идеяларды да уурдай калып, өздөрүнүкүндөй алып чыгып жатканын көрүп жатабыз. Мисалы, партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш берүү боюнча. Анан дагы бул партия акчалуу жаштар менен кызматташууга даяр экендигин да билдирген. Демек, дагы деле алдыдагы шайлоодо акчанын ролу жогору боло турганын ушундан түшүнөбүз. 


Марат Аманкулов башында турган «Биримдик» партиясы да парламенттик шайлоого канат күүлөп тургандардын арасында. Жаңы партия, али мактаганга эртелик кылат. Бирок, тар чөйрөдө айтылып келаткан кеп-сөздөргө караганда, бул саясий уюм өзүнүн катарын креативдүү ой жүгүртө алган жаш муундар менен толуктап жатат. Мурда кандайдыр бир коррупциялык иштерде аты-жыты чыгып калгандарды короосуна жакын жолотпой жатышканын да угуп жатабыз. Демек, үмүт арттырып жатат десек болот. 


Дагы бир «Кыргызстан» аттуу партия бар, жакында эле депутаттык мандат тагынган Шаршенбек Абдыкеримовго таандык. «Республика» жана «Ата-Журт» сыяктуу партиялар да шайлоого аттанышы мүмкүн. Ыдырап кеткен КСДП партиясы да шайлоого аттана тургандардын катарында. Айтор, зериктирбей турган, саясий атаандаштык күч ала турган мезгил алдыда турат. Жогоруда аталган партиялардын көбүнүн дараметин биз буга чейин көргөнбүз, билебиз. Алардын баш кошууларынын жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн экендиги да болгологонго боло турган көрүнүш. Дагы бир жолу бал тилдүүлөргө жана олигархтарга алданып, анан алардын сүйлөгөн сөздөрү үчүн уялып, намыстанып отурабызбы, же башты өйдө көтөрүп, «Биз шайлаган парламент» деп турабызбы өзүбүздүн колдо.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн