Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:20
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Келерки жекшемби Навальныйдын тарапташтары кайрадан акцияга чыгат

26.01.2021 16:32
528
Келерки жекшемби Навальныйдын тарапташтары кайрадан акцияга чыгат

Оппозициячыл Алексей Навальныйдын тарапташтары келерки жекшемби кайрадан каршылык акциясына чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.


Ал мындай Орусиянын бардык аймактарында өтчү акция 2-февралдагы Алексей Навальныйдын сотунун алдында пландалганын билдирди.

«Сот жакындаганда биздин талап дагы катуураак угулат. Ал эми Москвадагылар 2-февралда сотко да албетте келишибиз керек», – деди Волков.


Алексей Навальный 17-январда Берлинден Москвага учуп келери менен «Шереметьево» аэропортунда кармалган. Ага карата «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза камакка алууга алмаштырылары айтылып, 30 күнгө камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат.


23-январда Орусиянын бир нече шаарында Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө 3500дөй адам кармалганы белгилүү болду.

Орус президенти Владимир Путин 25-январда акция боюнча суроого жооп берип, мыйзамсыз аракеттердин кесепети оор болорун эскертти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн