Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 23:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Келишимге кол коюлду. Чоң-Кемин дарыясына жаңы ГЭС курулат

15.07.2022 09:37
378
Келишимге кол коюлду. Чоң-Кемин дарыясына жаңы ГЭС курулат


Кечээ, 14-июлда "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинг компаниясында “Чоң-Кемин” ГЭС-1 суу электр станциясын долбоорлоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду россиялык "IGHolding Rus" ААКы, Кыргызстандын "Инкрафт" ЖАКы жана Канаданын i-Energy Power Expert Consulting Inc. компанияларынын консорциуму ишке ашырат.

Келишимге кол коюу аземинде Кыргызстандын уникалдуу гидроэнергетикалык потенциалы бар экендиги жана ал толугу менен пайдаланыла электиги белгиленди.

Жолугушуунун катышуучулары "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин бүткүл республика боюнча иштеп жаткан кендерди жана жаңы кен жайларын, өндүрүштүк объектилерди, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлору, ошондой эле бир катар жаңы ГЭСтердин, анын ичинен Орто-Токой ГЭСи менен Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтердин каскадынын курулушу туурасында кенен маалымат алышты.

Белгиленгендей, Чүй облусундагы Чоң-Кемин дарыясынын узундугу башатынан тартып Чу дарыясына кошулган жерине чейин 118 чакырым түзөт. Дарыянын агымы 1929-жылдан бери көзөмөлдөнүп, жетиштүү түрдө изилденген.

"Инкрафт" ЖАКтын адистери тарабынан Чоң-Кемин дарыясынын суу-энергетикалык потенциалына изилдөө жана баалоо иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча ГЭСти жайгаштыруу үчүн эң натыйжалуу аймактар тандалып алынган. Ошентип ГЭС-1 Чоң-Кеминдеги ГЭСтер каскадынын биринчи бөлүгү болот. “Чоң-Кемин” ГЭС-1ди ишке киргизүү 2025-жылдын 2-кварталына пландаштырылган, станциянын жалпы кубаттуулугу 14-16 МВт болушу керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн