Кемчиликти, катачылыкты моюнга албоо – бул тыгылган саздан чыкпай отура берүү болуп саналат. Кыргызстан да 29 жылдан бери кетирген кемчилик-катачылыктарын сөз жүзүндө моюндап, иш жүзүндө кайталап келаткандан улам өнүкпөй да, өспөй да келет.
Биринчи катачылык – билим берүү системасынын талкаланганы. Орто мектептер үчүн даярдалган окуу куралдарынын сабатсыз жазылып жатканы. Бул жагдайдагы коррупцияга эч ким көңүл бурбай келет. Мектеп окуучулары үчүн даярдалган окуу куралдарынын тааныш-билиштик, кол ийрисине тарткандык менен басмага кетип, окутууга уруксат берилип калганына көп болду. Ошондон улам бир эле «Алиппенин» же бир эле класстагы «Кыргыз тили» китебинин бир нече варианты бар (авторлору ар башка). Бир мектепте башка «Алиппе», экинчисинде башкасы окутулат. Мындай көрүнүш башка сабактар боюнча китептерде да кездешет. Ал окуу куралдарынын ички мазмунундагы кетирилген түрдүү каталарды анализдеп чыгуу үчүн өзүнчө убакыт керек.
Жогорку окуу жайларынын магистрдик тепкичинде таптакыр барбай жүрүп эле диплом алуу адатка айланды. Биздин парламенттеги эки диплому бар депутаттардын басымдуу бөлүгү группалаштарын бир да жолу көрбөй жүрүп эле окууну аяктагандар. Алтургай окутуучуларын да таанышпайт. Тааныгандары же ректор, же факультеттин деканы гана болушу мүмкүн. Мына ушундай жагдайдан улам премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин экинчи дипломунан шек жаралып жатат.
Талкаланган билим берүү системасынын алгачкы жемиши – бүгүнкү парламенттин төрүнө чейин чыгып отурат.
Экинчи чоң кемчилик – маданият, искусство, көркөм адабиятты жээриген мамилебиз болду. Азыр театрларга маданият тармагынын өкүлдөрү өздөрү, чыгармачыл адамдар гана барышат. Бири-биринин чыгармачылыгына дем-күч беришет. Карапайым элдин театрга каттабай калганына, алтургай театр деген эмне экенин унутуп калганына көп болду. Көркөм адабий чыгармалар да акын-жазуучулардын арасында окулат. Андан кеңири тарай албай жатат. Анан чыгармачыл чөйрөлөр (Жазуучулар союзу, сүрөтчүлөр союзу, кинематографисттер союзу) финансылык колдоо керек экени тууралуу сөз болсо эле, «атаандаштыкты күчөткүлө», «эл окуй турган чыгарма жараткыла, ошондо өзүңөрдү өзүңөр каржылай аласыңар» деген сыяктуу «акылдар» айтылат. Мындай мамиленин натыйжасында «белден ылдый» жазылган чыгармалар убагында катуу жазылып, жаштардын, деги эле окурмандардын табитин бузуп, ыйык сезимдерди эротика, порнография, секске алмаштырды. Ошонун жемишин бүгүн көрүп жатабыз. Чыгармачыл чөйрөнү колдоого алууга көп деле каражат талап кылынбайт эле, албетте мамлекеттик масштабда алганда. Прокурор, сотторго камкордук көргөндөй эле чыгармачыл чөйрөгө камкордук көрүлгөндө ууру-кескилик, түркөйлүк, кылмыштуулук өзүнөн-өзү азайып, маданияттуулук да көтөрүлмөк.
Үчүнчү чоң кемчилик – коррупцияга каршы күрөштүн 29 жылдан бери эле «аттап-буттап» жүрүп жатканы. Бул күрөш жакшы санаалаштарды аттап кетпей, баарына бирдей болгондо гана жыйынтык берет. Болбосо, «Коррупцияга каршы күрөштөн баланча миллион бюджетке кайтарылды» деген кургак отчеттор элди ынандыра албай турат. Бир жагынан коррупционер камалып жатса, экинчи жагынан жаңы коррупционер өсүп чыгып жатканы – күрөштүн жасалма жүрүп жатканынан кабар берет. Чыныгы күрөш жүргөндө коррупциялык кадамга баруудан коркуу сезимдер жаралмак.
Төртүнчү кемчилик – бул «өзүбүздүн бала да» деген «оорубуз». Мындай «оору» шайлоо маалында жана кайсы бир саясатчыга кылмыш иши козголуп, камакка алынганда кармайт.
Биз бул кемчиликтерди жоймоюнча өнүгүү темасын козгобой турсак деле болот. Дагы толтура кемчиликтер бар. Алар тууралуу сөз кийинкиде болсун.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн