Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кемин районунун дарыгерлеринин бири коронавирустан каза болду

14.12.2020 18:50
1411
Кемин районунун дарыгерлеринин бири коронавирустан каза болду

Психиатр Джалмамбетова Төлөбүбү Мокушевна коронавирус себеп болгон пневмониядан улам көз жумган.


Ал 12-декабрда 73 жашында каза болду.


Т.Джалмамбетова 1947-жылы 17-майда Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (азыркы Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы) бүтүргөн. 1970-жылдардан тартып саламаттыкты сактоо тармагында иштей баштаган.


Өмүрүнүн акыркы жылдары Т.Джалмамбетова Кемин районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн