Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 03:44
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кеминде 58 жаштагы киши 13 жаштагы кызды бир нече жылдан бери зордуктап келген

07.07.2021 12:04
1086
Кеминде 58 жаштагы киши 13 жаштагы кызды бир нече жылдан бери зордуктап келген


Жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги жөнүндө билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облусунун Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-июлунда адвокат Шердор Абдыкапаровдон Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө райондун айылдарынын биринин 1963-жылы туулган тургуну 2005-жылы туулган жашы жете элек кызды бир нече жылдан бери зордуктап келген деген арыз түшкөн.


"Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык аракеттер) боюнча каттоого алынган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында, аталган адам (тууганы) тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кемин РИИБине жеткирилип, сурак жүргүзүлдү.


Ошондой эле жашы жете элек кызды мыйзамдуу өкүлдүн катышуусунда суракка алуу зары. 


Зордуктоо фактысы боюнча арыз жазган жактоочу тергөөчү чакырганда келүүдөн баш тарткан, анткени ал тергөөчүгө ишеним көрсөтпөө жөнүндө арыз жазган жана ишти Чүй облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүүнү суранган. Жактоочунун иш-аракеттеринен улам жашы жете элек кызды суракка алуу алигиче жүргүзүлө элек, бирок жактоочу жашы жете элек кыздын кылмыш фактылары баяндалган видеосун бардык массалык маалымат каражаттарына тараткан. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан иштин бардык жагдайларын тактоо максатында бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн