Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 18:06
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Кеминде прокуратура кызматкерлери үчүн кызматтык үй берилди

10.02.2022 20:16
564
Кеминде прокуратура кызматкерлери үчүн кызматтык үй берилди



Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Абай Молдокматовдун катышуусунда Чүй облусунун Кемин райондук прокуратурасынын оперативдик кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үйдүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Иш чарага облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 


Беш батирлүү, эки кабаттан турган кызматтык үйдүн курулушу 2021-жылдын 14-июнунда башталып, 7 айлык мөөнөттө бүткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн