Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кеминде телефон уурдаган жаран кармалды

Кеминде телефон уурдаган жаран кармалды


Кемин районунда тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Кемин РИИБке арыз менен Т.О. аттуу жаран кайрылып, арызында 2022-жылдын 15-октябрь күнү иштеп жаткан Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан пескоблок чыгарган ишканага «Э» аттуу жаран келип, күч колдонуп коркутуп «Редми Нот-11» үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган. 


Аталган факт Кемин РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 

19-октябрь күнү Кемин РИИБнүн кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмыш жасаган 1989 жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран экендиги аныкталып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 


Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн