Бугу 08, 2024
Убакыт: 11:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

«Кемпир-Абад» суу сактагычы кимдики болушу керек – Кыргызстан же Өзбекстан?

29.03.2021 11:22
2982
«Кемпир-Абад» суу сактагычы кимдики болушу керек – Кыргызстан же Өзбекстан?


Жакында эле коңшулаш Өзбекстанга мамлекеттик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барып келгенден кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн маалымат жыйынын берди. Ал өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы талаш маселелер 100% чечилгенин белгиледи. Сүйлөшүүлөрдө кыргыз тараптын пайдасына чечилген бир топ артыкчылыктарды айтып келип, аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдыры кандай боло турганына да токтолду. 


«Кемпир Абад суу сактагычынын территориясы болжол менен 5737 гектар болчу. Мен бир аз адашып калышым мүмкүн. Суу толгондо ошончо болмок да, 908 деген горизонталга жеткенде. Биз ошону 900 менен «описать» эттик. Ошону менен «описать» эткенде суу сактагычтын территориясы кыскарды. Анан ошол жерден 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү. Ошондо 5700дөн 1300дү алса, 4400 гектар жер суу астында калды. Бирок, өзбек тарап бизге ушуга чейин 1973-жылы компенсация катары 4100 гектар жерди берген. Демек, дагы 300 гектар жер бизге компенсация бериши керек. Бирок, ошол 300 гектар жердин ордуна Кудай буюрса компенсация катары биз 1000 гектар жерди алдык, Өзгөн, Сузак районунун жерлеринен. Дагы бир маселе, мурда суу сактагычка суу толуп, анын жээктеринде жашагандардын үйлөрүнөн суу чыгып кетип жаткан болсо, эми андай болбойт. Мурда ал 908 менен каралчу эле, азыр 900 менен каралат. Эми мындан ары суу жээкке чейин чыкпайт. 900дөн көтөрүлбөйт. Жээктен болжол менен 2 км ич жакка кирди. Мындан ары Жаңы-Арык, Правда, Кароол айылдарына суу теппей калат. Ошол эле убакта Кыргызстандын жарандары сууну пайдаланат, малын сугарат, ал жерден суу алса болот, балык тутса болот. Алар тараптан мурдагыдай болуп, кайтарып жүргөн катерлер жүрбөйт. Муну эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуу менен чечебиз. Алар суунун чекесине тосмо койбойт. Башкача айтканда, Кыргызстан тараптан сууга толук уруксат болот», - деди Камчыбек Ташиев. 


Албетте, чек ара маселелерин чечүү өтө оор. Отуз жылдан бери карай түрдүү талаш-тартыштардан улам коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери менен чек араларыбыз такталбай келе жатат. Ал эми кыска убакыт аралыгында Өзбекстан менен чек ара маселеси 100% чечилип калганы бир жагынан кубануу сезимдерин жаратса, экинчи жагынан «Алданып калган жокпузбу?» деген түпөйүл ойду пайда кылат. 

Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынынан кийин интернеттеги социалдык түйүндөрдө да түрдүү пикирлер айтылууда. Коңшулаш өлкө менен чек арадагы талаш маселелердин 100% чечилгенин кубаттагандар да, ошол эле убакта «Кемпир-Абад» суу сактагычына байланыштуу чечимди туура эмес көргөндөр да бар. 

Мисалы, Абдусамат Паясов аттуу «Фейсбук» колдонуучу өз баракчасына мындай деп жазган: «Камчыбек иним, кыргыз элине кызмат кылсам деген изги ниетиң ишке ашты, элиң сенден көптү күтөт. Арыба, Алла колдосун!». 


Аида Надырбекова аттуу дагы бир колдонуучу мындай дейт: «Акыры кимдир-бирөө ушул кадамга барышы керек эле. Чек ара такталганы жакшы. Камбар-Ата-1 деле иштеп калса, келечек үчүн жакшы эле болот. Коркпошубуз керек».

Алыскы АКШда эмгектенип жүргөн журналист Адилет Айтикеев да бул маселе боюнча өз пикирин калтырган. «Чек ара маселеси менен ойнобогула! Диванда чалкалап жатып алып чек араны өзүңөрдүн сасык популизмге колдонбогула! Бул жыйынтык жылдар бою сүйлөшүлүп келген аракеттердин натыйжасы. Ташиев баарын шуруга тизгендей түшүндүрүп берди. Акыры бир бийлик ушул маселени өз мойнуна алып, тобокелчиликке барды. Эми бул байкуштар эртең жер сатты деген жалган жалаага кабылышат. Ошого карабастан чечкиндүү кадамга баргандарына Чоң рахмат!


Ушундай эле чек ара маселесин кол жоолук кылып беттерине кармап чыккан оппозиция 2008-жылы Түпкө чейин барып айкырык салган. Арадан 2 жыл өтпөй ошолор толугу менен Убактылуу өкмөт аталып, бийликти колго алышты. Бирок, бирөө да Назарбаевге барып, «бауырым, бизге Манастан калган Каркыраны бериңиз» дегенге жарашкан жок. Анткени аларга Каркыра эптеп элге жагып, Бакиевден бийликти тартып алуу үчүн гана керек болгон. Эгерде алар чек араны жакшы билгенде, Таластагы Көк-Сай айылына барып, ошол жерден казактарга берилген 4,5 миң гектардын маселесин дагы көтөрүшмөк. Бирок аларды чек ара маселеси кызыктырбайт!


Мына ушундай сасык саясатты мамлекеттик маанилүү иштерге айырбаштабагыла!», - дейт ал. 

Ошол эле убакта «Кемпир-Абад» суу сактагычынын коңшуларга өтүп кетерине ичтери ачышкан жарандарыбыздын пикирлери да арбын. Мисалы, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун проректору, профессор Садык Алахан «Кемпир-Абад» суу сактагычы ээлеп турган жердин кыргыздарга таандык жер болгонун эскерүү ирээтинде жазган посту жарыяланды. Мааниси бузулбаш үчүн аны да толугу менен мисалга тарталы: 

«Кемпир-Абад суу сактагычы жөнүндө өз оюмду эрте менен КОММЕНТ катары жаздым эле. Эми өзүнчө ПОСТ кылып койбосом болбой калды.

Анда эмесе мындай, асыл мекендештер...

Улуу "Манас" эпосубузда айтылгандай

Тоо бузулуп, көл болор, 

Көл бузулуп чөл болор...


Мен Кампир-Абад суу сактагычынын ыты-жыты жок кезде ошол САЙДЫН боюнда чоңойдум. Биздин К.Жакыпов атындагы мектеп-интернатыбыздын пионер лагери ошол сайдын боюнда болчу. Сайдан таш терип чыгып, лагерибиздеги дарактардын түбүнө тегерете тизер элек да, акиташ менен акилейт элек... Сайдын аркы чети (жээги) уруунун (ал эми өзбектерде уруу деген түшүнүк болбойт, эгер эле уруусун билген өзбек болсо, ал НУКУРА ӨЗБЕК ЭМЕС) аты менен аталган Кара-Багыш (кийин Совет-Абад болуп өзгөрдү) АЙЫЛЫ эле. Андан соң бир нукум аралыктагы Хан-Абад менен туташып кеткенден кийин жалпы жонунан Хан-Абад деген шаар, ал эми сай суу сактагыч болду да, бүт өзбектерге карап калды. Бул би-и-р...


Асман тиреген плотинага келип тосулган суу  КӨЛ БОЛУП, жогору жактагы КЫРГЫЗ ЖЕРИН чайпай толду. Канчалаган кв.км. жерибиз суу сактагычтын алдында калды. Баарынан да кейиштүүсү суу сактагычтын жогорку чеги ӨЗГӨН ШААРЫН ТИМ АЛКЫМДАП КЕЛИП бүтөт. Ал жакты көрбөгөндөр элестете да албайт. Бул эки-и-и.


Эртең суу сактагыч ТАРТЫЛГАНДА эмес МӨЛТ-КАЛТ БОЛУП ТОЛГОНДО (оголе көп жерди ээлеп толгондо) "суу сактагычтын территориясы биздики деп чечилген" деп өзбектер келип тосот. (Алардын психологиясын аралаш чоңойгон биздей эч кимиңер билбейсиңер). Ошондо чек арабыз (тикен зымдар) ТИМ ӨЗГӨНДҮН АЛКЫМЫНАН тосулат. Бул ү-ү-ү-ч.


Өзбектер "кол коюлган документ боюнча биздики" деп тикенек зымды тосуп жаткандагы кайран кыргызымдын реакциясын түк элестете албайм. (Бизди КЕЧИРБЕГЕН КИЙИНКИ МУУН "Канжыгага баш байлабайт" деп ким кепилдик бере алат?!) Ошол учурдан кудай сактасын. Бул тө-ө-ө-рт.


Улуу эпосубузда айтылгандай,

Тоо бузулуп көл болор,

Көл бузулуп чөл болор.

Көл бузулуп ошо чөл болгондо суу астындагы КЫРГЫЗ ЖЕРИ КЫРГЫЗДЫКЫ БОЮНЧА КАЛУУ КЕРЕК деген ой уктатпайт ушул күндөрү...». 


Ушул сыяктуу эле ойду акын Назгүл Осмонова да «Фейсбуктагы» баракчасына калтырды. «Түнү бою түйшөлүп уктай албадым. Оюма балалыгым, биз ойночу жерлер, асыресе айылыбыздын этегиндеги Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде эс алып, балык кармаган күндөр келди. Агаларым узундугу киши боюна жете жаздаган чоң балыктарды кармаша турган. Куршабдан өтүп баратканда суу сактагычтын жайылып жатканы көрүнөт. Суу кээде тартылып азыраак болсо, кээде адамдар жашаган конуштарды жайпап кетчүдөй болуп, бери карай кирип келет. Мурдагы Сталин айылынын четине атам көзү тирүүсүндө бизди эс алууга алып барчу. Биз, балдар, чоңдор эт бышырып өздөрүнчө сукбат куруп отурушканда бүлдүркөн терип, сууга түшүп жыргай турганбыз. Дегеле мына ушул Кемпир-Абад суу сактагычы өзбектердики деген сөздү укпаптырмын. Анын жээгинде менин ата-бабаларым күрүч отургузуп, тамеки, жүгөрүсүн өстүрүп, жай турмуш кечирип келгени чындык. Эх, кыргызым, жерибизди кертимдеп эмес, бүтүн бойдон кармата берип акыры эмне болор экенбиз? Улут аралык кагылышуулар учурунда мына ушул суу сактагыч бизге тирек болуп келгенин да жазышты. Андай күндөр кайталанбайт деп ким кепилдик берет? Ошондо эмне болорун эми элестете да албайм. Бул деген республиканын жарымы болгон Ош, Жалал-Абад эми дайым коркунучта деген сөз. Биригели, каршы туралы! Жер бергиче, жаныбызды берели», - дейт ал. 


Суу сактагычты коңшуларга өткөрүп берүүгө караманча каршы пикирин акын Жыргалбек Касаболот мындайча айтат: «Эй, жетеси жоктор. Так ушул суу сактагыч үчүн, дагы ушундай талаш жерлер үчүн тартышып келбеди беле делегация? Күрөш болгон үчүн жылдап созулуп келген да. Болбосо жыгылып берип басып кеткенди иттин уулу Байгара деле билет болчу. Менчик укугун бергенден кийин ал жер эми өзбектики болуп калат. Аны кантип оңдойсуң эми? "Чогуу пайдаланалы" дегени ал эшеги ылайдан өткүчө эле, андан кийин аскерин киргизип алса так сен күнөөлүү болосуң. Алдатып жетип келгенден кийин "100% чечтик" деп дардактаганыңдын кимге кереги бар? 


Ушунун баарына ТАК СИЛЕР КҮНӨӨЛҮҮСҮҢӨР, ДАКАНСАЛАР. ТАК СИЛЕР. Ушуларды алып келген силер күнөөлүүсүңөр. Эми эч нерсеге шылтай албайсыңар. Күнөөңөр тоодой. Айтса болбой ажылдап беттен алып алып келдиңер. Мына эми кылыгыңардын натыйжасын көрүп жаткыла.

Атаганат өлүм жазасы жок да, болбосо бирден кармап атууга кетирсе жарашат, баарыңарды».


Албетте, мамлекеттик чек ара маселелеринин чечилишинде баары жипке тизгендей тегиз болбойт. Биздегидей эле нааразычылык, же кубануулар коңшу өлкөнүн жарандарында да болот. Бирок, ошентсе да тарыхый ката кетирбей, келечек урпактардын алдында каргышка калбай тургандай чечим кабыл алуу баарынан маанилүү. «Кемпир-Абад» суу сактагычы ээлеп турган жер Кыргызстандыкы болгону менен сууну Өзбекстан узак жылдардан бери колдонуп келатышканы белгилүү. Суу сактагычтан улам Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун жүздөгөн гектар айдоо жерлери да жараксыз абалга кептелип келатканы айтылып келет. Тактап айтсак, ал жерлер ашкере нымдуу болуп, саздак абалга кептелген. Ошондон улам суусун өзүбүз пайдаланбаган суу сактагычтын бизге кереги бар беле деген да суроо жаралат. Албетте, ал СССРдин убагында Өзбекстанда пахтанын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн ишке ашырылган суу сактагыч болгон. Азыр ал державанын кыйраганына 30 жыл убакыт толду. Анын курамындагы республикалар өз алдынча көз карандысыз өлкөлөргө айланды. Ал эми Кыргызстан дагы деле суу сактагычка сууну толтуруп, коңшулардын пайдалануусун камсыздап келатканы канчалык бизге пайдалуу? Деги эле эми ал суу сактагыч ээлеп турган жерди да коңшуларга өткөрүп берүү тарыхый катачылык болуп калбайбы? Балким, өтө шашылбай, дагы тереңирээк анализдеп көрүп, анан чечим кабыл алсак кандай болот?  


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Азамат
Ассалаума алейкум Кыргыз бауырларым. Калайсызлар. амансызларма. мен Каракалпак елинен боламан. Жокарыдагы акпаратты окып шыктым. Кемпир абад су саклагышы жайлы жазылган екен. дурыс шекара маселеси катты кыйын маселе. 7 олшеп 1 кесетин маселе бул. Сонын ушын жаксылап ойласып кенесип шешилгени макул. Хар тареплеме есап китап кылып, тарихый дереклерге де бир карап содан кеин барып бир шешимге келий керек агайинлер.