Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кемпир-Абад суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып салынды

24.05.2022 12:19
507
Кемпир-Абад суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып салынды



2022-жылдын 20-май күнү Жаратылыш ресурстары экологияи жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош региналдык башкармалыгынын, Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн аңчы адиси Х. Мурзаев, Айыл-чарба министрлигине караштуу Балык департаментинин кызматкерлери Турганбаев Нуржигит, Абдурахман уулу Айболот, Мажитов Ильязбек, “Карим-Ата” ЖЧКнын егери Жолдошов Айбект жана коомдук инспекторлору Абдыжапорв Мыктыбек, Газиев Каримдер болуп, биргеликте жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Кемпир-Абад суу сактагычынын, Кара-Дарыя дарыясынын куюлмасынан Кароол а/ө Мырза-Арык айылынын тургуну Карабаев Жумабектин мыйзамсыз тор салып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ош экология башкармалыгынан кабарлашты.


 Натыйжада Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 267-бернесин бузуп, 500м Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тыюу салынган,синтетикалык тор менен 16 баш Карас жана 39 баш Сазан балыгын кармаган. Ош регионалдык башкармалыгынын аңчы-адиси Каримов Төлөнбай тарабынан 2022-жылдын 20-май күнү укук бузуулар жөнүндө № 21-04-052-02-1-000016 сандуу протокол толтурулуп, токтом чыгарылып 5500сом айып жана 25543сом доо коюлуп, протокол жана токтомдун көчүрмөсүн мыйзам бузган жаран алды. Коюлган доо жана айып толугу менен мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн