Бугу 13, 2024
Убакыт: 09:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кемпир-Абаддын жээгинде курултай өтүп, бийликке талаптар коюлду

15.10.2022 19:30
355
Кемпир-Абаддын жээгинде курултай өтүп, бийликке талаптар коюлду

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан элдик курултай жыйынтыкталды.


Анда бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду.


Курултайдын катышуучулары суу сактагыч жана анын аянтын Кыргызстандын менчигинде калтырууну, Кемпир-Абад суу сактагычына башка жерлерди алмашуу, делимитация жана демаркация иштерин токтотуп, ратификация өткөрбөөнү бийликтен талап кылышты. Делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссияны кайрадан түзүү талабы айтылды.


Бул иштер токтобой турган болсо Кемпир-Абад боюнча кийинки элдик курултай Бишкекте өтө турганы белгиленди.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн